Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 19-апрелде Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин иши боюнча соттук отурум уланды.
Соттук териштирүүдө жоопкер тараптын адвокаттары сунуш кылган эксперт Зайнидин Курманов көрсөтмө берди. Ал Темир Болотбектин «совок» деген сөзү улут аралык кастыкты козутпай турганын жана кылмыш иши негизсиз козголгонун «Азаттыкка» билдирди:
«"Совок" деген бул америкалыктардын «янки» деген эле сөзүндөй. Мен иш менен таанышып жатып, анын мыйзам бузганын көргөн жокмун. Бул сөз «Фейсбук» колдонуучусунун эле пикири болгон. Аны улут аралык кастыкты козутту деп айтууга такыр болбойт».
Болотбектин окуясы боюнча сот иштери эки жылдан бери уланууда. Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан процессте үч эксперт көрсөтмө берген. 30-апрелге тараптардын жарыш сөзү белгиленди.
2018-жылы 1-мартта УКМК окутуучу Темир Болотбекке «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.
Буга ал «Фейсбукта» Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган. (AiA)