Индонезияда парламенттик жана президенттик шайлоо өтүп жатат

Индонезиянын президенттигине талапкер Прабово Субианто. 17-апрель, 2019-жыл.

17-апрелде Индонезиянын калкы өлкөнүн президентин жана парламенттин мүчөлөрүн шайлап жатат. Өлкөдөгү эң жогорку кызмат үчүн азыркы президент Жоко Видодо менен мурдагы аскердик жетекчи Прабово Субианто ат салышууда.

Жоко Видодо бийликке келген 2014-жылдан бери бир катар жаңы жолдорду, аэпортторду куруу аркылуу инфрастуктараны оңдогонун өз шайлоо өнөктүгүндө баса белгилеп келсе да укук коргоочулар ал адам укуктарына көп көңүл бурбаганын айтышууда.

Ошону менен катар өлкөдө коррупция дагы эле гүлдөп жатканы сөз болуп жүрөт. Ал эми анын атаандашы Прабово улуттук жана диний көз караштарына карабай бардык жарандарга бирдей мамиле кылууга убада берүүдө. Парламентке мүчө болууга 16 партиядан 250 миң талапкер аттанган.

Индонезиянын калкынын саны 263 миллионго жетет. Анын 90% мусулмандар. Шайлоонун расмий жыйынтыгы май айынын соңуна чейин белгилүү болот. Бирок экзит-поллдордун жыйынтыктары 18-апрелде чыгып калары күтүлүп жатат.