Коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд. 148 млн. 900 миң сом чогулду.
Анын ичинен Башкы прокуратура 373 млн. сом, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) 528 млн. сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 241 млн. 800 миң сом, Ички иштер министрлиги (ИИМ) 4 млн. 900 миң сом которгон.
Мындай маалыматты башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында айтты.
Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (BTo)