Баланы зыян маалыматтан коргоо тууралуу мыйзам долбоору каралат

Иллюстарциялык сүрөт.

Бүгүн 17-апрелде Бишкекте балдарды ден соолугуна жана өсүшүнө зыян тийгизүүчү маалыматтан коргоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланат.

Талкууну «Медиа полиси институту» уюму «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен уюштурууда. Мыйзам долбоорунун автору - Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева.

Эгер документ кабыл алынса, балдарды ошондой маалыматтан коргой турган атайын орган түзүлөт, мамлекеттик көзөмөл күчөтүлөт.

Мындай мазмундагы долбоорду Кыргызстанда буга чейин да депутаттар тобу иштеп чыккан. Бирок ал «цензурага алып келет» деген кооптонуудан улам кабыл алынган эмес.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө калктын дээрлик 60 пайызы Интернет колдонот. (RK)