Гемофилия боюнча координациялык комитет түзүү маселеси талкууланат

Гемофилия - кандын уюу процесси бузулушуна байланышкан оору. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте Гемофилия күнүнө карата талкуу уюштурулат. Анда бул дарт боюнча координациялык комитет түзүү маселеси каралат.

Талкууга Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү, гемофилияны дарылаган адистер катышат.

Бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылуу, дартты аныктоо жана дарылоо, анын алдын алуу чаралары тууралуу кеңири сөз болот.

Гемофилия - кандын уюу процесси бузулушуна байланышкан оору. Ага чалдыккандардын саны Кыргызстанда 300 адамдын тегерегинде.

Буга чейин дары-дармекке мамлекеттен жетиштүү каражат бөлүнбөй жатканы айтылып келген. (RK)