Украинада талапкерлердин дебаты кайрадан талашка түштү

Петро Порошенко жана Владимир Зеленский.

Украинада президенттикке талапкерлер ортосунда дебат боюнча кайрадан маселе жаралды.

Петр Порошенконун басма сөз катчысы Олег Медведев Владимир Зеленский дебатка пландалган саатка макул болбой койгонун, ошондуктан анын талапкери катышпай турганын билдирди.

Зеленский 19-апрелде өтөрү кабарланган дебатты кечки саат 7де баштоону сунуш кылса, Порошенко 4төн 6га чейин деп жатат.

Мурдараак эки талапкер тең жума күнү Киевдеги «Олимпийский» стадионунда дебатка чыгууга макул болушканы кабарланган. «Азырынча пикирлерибиз ар башка болуп жатат» деди Медведев. 14-апрелде Порошенко сунуш кылган дебатка Зеленский барбай койгон.

Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру ушул жекшемби, 21-апрелде өтөт.

11-апрелде чыккан сурамжылоого караганда, куудул Владимир Зеленский азыркы президент Петр Порошенкодон кыйла алдыда баратат. Биринчи айлампаны Зеленский чоң ажырым менен жеңген. (RK)