Чет өлкөлөрдө 2000дей кыргызстандык түрмөдө отурат

Иллюстрациялык сүрөт.

Азыркы кезде Кыргызстандын 1782 жараны чет өлкөлөрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жазасын өтөп жатат. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин 16-апрелдеги жыйынында берди.

Алардын ичинен 1453 киши Орусияда, Казактанда 212, Тажикстанда 34, Өзбекстанда 19, Кытайда 18, Германияда 14 жана Түркияда сегиз киши абакта отурат.

Аталган өлкөлөр менен эки тараптуу келишимге ылайык 2018-жылы 125 адам Кыргызстанга экстрадицияланган. Жамшитов жакын арада Кытайдан да үч кишини алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. (BTo)