«Жибек жолу» көргөзмөсүндө бүгүн Экология күнү өтөт

Көргөзмө экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулду.

Бишкекте Улуттук көркөм өнөр музейинде өтүп жаткан «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүндө бүгүн, 16-апрелде Экология күнү белгиленет.

Бул тууралуу «Азаттыкка» көргөзмөнүн демилгечиси болгон «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун өкүлү Роза Кайыкова билдирди:

- БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк программасынын өкүлдөрү келип бир топ интерактивдүү оюндарды, сынактарды уюштурушат. Туура тамактануу, көчөттөрдү туура отургузуу, таштандыны бөлүштүрүү, экологиялык тарбиялоо жана энергетикалык диета деген темада лекциялар окулуп, оюндар ойнолот.

5-апрелде ачылган «Жибек жолу» көргөзмөсү 28-апрелде жыйынтыкталат. Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу жибек жолунун боюндагы өлкөлөр жөнүндө кызыктуу маалыматтар берилип жатат. (RK)