Президент Жээнбеков Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугат

Сооронбай Жээнбеков Германияда. 14-апрель, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Германияга барды. Бүгүн 15-апрелде ал Мюнхен шаарында Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херман менен, андан кийин экономика, өнүгүү жана энергетика боюнча мамлекеттик министр Хуберт Айвангер менен жолугушат.

Мындан тышкары ал Ханс Зайдел атындагы фондго барып, Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөйт, эки тараптуу бизнес-форумдун ачылышына катышат.

Президент «Pellmeyer» айыл-чарба ишканасына барып, андан соң Германиядагы мекендештер менен жолугушат.

Ал эми федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолугушуу 16-апрелге пландалып жатат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. (RK)