Украин президенти жана президенттикке талапкер Петр Порошенко 14-апрелде дебат өткөрүүнү атаандашы Владимир Зеленскийге сунуш кылган. Зеленский стадиондогу дебатка 19-апрелде гана барарын айткан. Бүгүнкү иш-чарага Зеленский келген жок.
Порошенко стадионго чогулган тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөп, Зеленскийди эл алдында дебатка чакыра берерин айтты. Андан кийин Порошенко атаандашын бир саат күткөнчө журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал шайлоо жарнамаларында Зеленскийдин Орусиянын президенти менен чогуу түшкөн сүрөтү боюнча пикирин билдирип, Владимир Путин менен Зеленскийди катар койбосун айтты. Бирок ошол эле учурда Путин «бизге Украинага Порошенкодон башка ким президент болсо да боло берет» деген сөзүн журналисттердин эсине салып койгусу келгенин билдирди. Ал ошондой эле эгер шайлоодо Зеленский утуп чыкса, элдин тандоосун сыйлай турганын кошумчалады.
Петр Порошенко менен Владимир Зеленский 21-апрелде Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышат.
11-апрелде чыккан сурамжылоого караганда, куудул Зеленский Порошенкодон кыйла алдыда баратат. Биринчи айлампаны Зеленский чоң ажырым менен жеңген.