Кыргызстан былтыр 16 тоннадан ашык таза алтын экспорттогон

Кыргызстандан чыккан алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Кыргызстандын 2018-жылдагы тышкы соода жүгүртүүсү, импорту-экспорту, анын ичинде алтындын сатылышы боюнча көрсөткүчүндө маалымдаган.

Комитеттин тышкы жана өз ара соода статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлсара Назарбекованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, жалпы экспорттогу алтындын үлүшү былтыр 38% болгон.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстан чет жакка жалпысынан 16 тонна 477 килограмм 782,1 грамм тазаланган алтын саткан.

Өлкөдө былтыр бардыгы болуп 22 тонна 354 килограмм алтын өндүрүлгөн. Экономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин айтымында, калган алтындын көбү сыртка 71 тонна концентрат менен чыгарылып кеткен:

«71 тонна концентранттан 5183 кг алтын чыгат. Бул - лабораториянын корутундусу».

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылы 17 тонна 603 кг 601,9, 2016-жылы 17 тонна 401 кг 709,0, 2017-жылы 17 тонна 425 кг 239,3 таза алтын чет жакка сатылган.

Экспорттолгон алтындын баары «Кумтөр Голд» компаниясына таандык. Компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда баалуу металлды толук сыртка экспорттоо боюнча келишим бар.

Кыргызстандык зергерлер алтын Кыргызстандын өзүндө жетишсиз болуп жатканын айтып, ал чийки түрүндө эмес, кайра иштетилип сатылса мамлекеттин бюджетине арбын киреше түшмөк деп белгилешет. (ErN/ZKo)