13-апрелде нөшөрлөп жааган жаан селге айланып, Ашгабат шаарынын түштүк бөлүгүн каптаганын «Turkmen.news» жазды.
«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы ташкын Юбилей көчөсүн толугу менен каптаганын маалымдады. Шаарда Интернет байланышы начарлаганы айтылууда. Азырынча буга сел себеп болгону же бийлик атайын чектеп жатканы белгисиз.
«Turkmen.news» соцтармактардагы баракчасына сел каптаган шаардан тартылган тасмаларды жайгаштырды. Алардын биринен суу каптаган жолду кесип өтүүгө аракет кылган эки келинди сел агызып баратканын, аларга башка бир эркек адам жардам берип, алып чыкканын көрүүгө болот.
«Мир-4» кичирайонунда сел соода борборлорунун жана турак жайлардын жертөлөлөрүн каптаган.
Селден Ашгабаттан 140 чакырым аралыкта жайгашкан Каахкин району катуу жабыркаганы кабарланууда. Ташкын Ашгабат менен байланыштырган негизги жолду жаап салган.
Мындай сел Ашгабатта жыл сайын жаз мезгилинде болуп турат. Былтыр май айында да шаардын дээрлик бардык аймагын суу каптаган.