Бишкекте билим фестивалы өтүп жатат

Робот жасаган окуучулар. Иллюстрациялык сүрөт.

Жетинчи жолу өтүп жаткан фестиваль «Кыргызстандагы санарип муун» деп аталат. Иш-чараны экс-президент Роза Отунбаева ачып, санариптик билим берүүнүн маанисине токтолду.

- Ушул тапта Кыргызстан боюнча 1000 эле информатика мугалими бар экен. Бул абдан аз. Айрым мектептерде информатика кабинеттери ачылбай турат. Анткени мугалимдер балдардын алдында компьютерде иштегенден уялышат экен. 200 гана мектепте акылдуу такталар бар. Бирок алардын көбү иштебей турат. «Санарип жылы» деп атап коюу жетишсиз. Биз беш жыл катарынан «санарип жылы» деп атасак да абал өзгөрбөйт. Ошондуктан жаштарга билим берүүдөн баштайлы, -деди Отунбаева.

Билим фестивалы Борбор Азиядагы Америка университетинде өтүп жатат. Бул жолку фестивалды Сорос фонду жана «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду уюштурган. (AiA/ZKo)