Мындай талап башкы көзөмөл органы курултайдын «саясий туткундардын ишин кайра кароо» боюнча талабына жооп бербегени үчүн коюлууда. Бул тууралуу 12-апрелде саясатчы Азимбек Бекназаров басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, элдик курултай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон саясий туткундар Өмүрбек Текебаевдун, Садыр Жапаровдун, Бектур Асановдун жана башкалардын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону суранган. «Бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес, ошондуктан биз анын кызматтан кетишин талап кылабыз», - деди Бекназаров.
Ал 27-апрелде өтөрү айтылып жаткан экинчи элдик курултайда бир катар жемкорлордун аты ачыкка чыгарыларын кошумчалады.
Өткүрбек Жамшитов Кыргызстандын башкы прокурорлугуна 2018-жылы апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун сунушу менен дайындалган. (ZKo)