Жулиан Ассанж АКШнын өтүнүчү менен кармалды

Жулиан Ассанждын полиция алып кетип бара жатканда тартылган сүрөтү. 11-апрель, 2019-жыл.

АКШ «WikiLeaks» уюмунун негиздөөчүсү, жети жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде жашырынып келген Жулиан Ассанжга айып койду.

Ал «WikiLeaks» сайтына маалымат берген америкалык жоокер Челси Мэннинг менен алдын-ала сүйлөшүп алып, жашыруун мамлекеттик документтерди уурдаган жана жарыялаган деп шек саналууда. Ал бул айып менен соттолсо, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жулиан Ассанжды экстрадициялоого байланыштуу бүгүн, 11-апрелде болгон Лондондогу сотко АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү жана юристтери да катышты. Анын адвокаты Ассанж азырынча эч кандай көрсөтмө бербей турганын билдирип, АКШда анын өмүрүнө коркунуч бар экенин кошумчалады.

Сот Жулиан Ассанжды камакта калтырды. Кийинки соттук отурум 2-майда өтөт.

Британ полициясы «WikiLeaks» уюмунун негиздөөчүсү, жети жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап келген Жулиан Ассанжды бүгүн, 11-апрелде камакка алган. Бул Эквадор ага баш паанек берүүдөн баш тарткандан кийин болду.

Эквадордун президенти Ленин Морено Асанжга баш паанек берүүдөн баш тартканынын себебин түшүндүргөн видео билдирүүсүн «Твиттерге» жайгаштырды.

«Мен Жулиан Ассаж мырзанын уюмунун Эквадорго карата копол жана агрессивдүү, кастык жана коркутуучу билдирүүлөрүнө, эң башкысы эл аралык конвенцияны бузуусуна байланыштуу Асанж мырзага баш паанек берүү токтотуларын жарыялайм», - деди Эквадордун президенти Ленин Морено.

Бирок «WikiLeaks» тескерисинче, «Эквадорду эл аралык укуктун эрежелерин бузду» деп айыптады.

2012-жылы баш паанек берип жатып, Эквадор ага башка мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерге көлөкө түшүргөн материалдарды чыгарбай турган шарт койгон.

Австралиянын 47 жаштагы жараны Жулиан Ассанж «WikiLeaks» аркылуу АКШнын аскердик багыттагы 500 миң электрондук документтерин жарыялаганы айтылып келген.

Ассанжды экстрадициялоо боюнча документтерди Вашингтон Британияга 2017-жылдын 22-декабрында жөнөткөн.