Анталияда кыргызстандык кыз дайынсыз

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу жергиликтүү «CNN Türk» телеканалы маалымдалды. Окуя 10-апрелде Анталия шаарынын Кызылсарай районунда болгон.

Кыргызстандык кыз Түркияга курбусуна барып, экөө күндүз сейилдегени чыгышкан. Белгисиз бирөөлөр аны күч колдонуп уурдап кетишкен.

Анталия ички иштер бөлүмүнүн расмий сайты бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун жана шектүүлөр изделип жатканын жазып чыкты.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.

Анталия аймагында эле, расмий эмес маалыматка караганда, 6 миңден ашык кыргызстандык жашайт.

Жайкы туристтик сезондо бул сан эки эсе көбөйөт. (ElB)