Дүйнөдө өлүм жазасын колдонуу 31% азайды

«Amnesty International» уюмунун эн белгиси.

«Amnesty International» («Эл аралык мунапыс») уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында 2018-жылы дүйнө жүзү боюнча өлүм жазасын колдонуу учурлары аз катталганы айтылат.

Жылдык иликтөөдө жазылгандай, 2017-жылы 993 өлүм жазасы колдонулса, 2018-жылы 690го чейин азайган.

«Соңку жылдагы көрсөткүчтөр катаал жана адамзатка туура келбеген жазанын түрүн токтотуу багытында дүйнөдө натыйжалуу кадамдар жасалып жатканын көрсөтөт» деп жазылган докладда.

Документте белгиленгендей, баңгизатка каршы күрөшүү мыйзамына өзгөртүүлөр кирген соң өлүм жазасын эң көп колдонгон өлкөлөрдүн бири эсептелген Иранда бул көрүнүш 50% азайган. Бул багытта Иракта, Пакистанда жана Сомалиде да жылыштар байкалган.

Укук коргоочулар, тескерисинче, айрым өлкөлөрдө соттолуучуну өлүм жазасына тарткан учурлар өскөнүн белгилешкен. Мисалы катары Беларус (4), Сингапур (13), АКШ (25), Түштүк Судан (7), Жапония (15) өлкөлөрү белгиленген.