Жумушка тартылган балдардын маселеси талкууланат

Иллюстрациялык сүрөт. «Дордой» базарында коробка жыйнап иштеген бала.

Бишкекте балдарды жумушка тартууну азайтуу жана адам сатууга каршы күрөшүү, бул багытта жасалып жаткан иштер талкууланат. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандыгы өкүлчүлүгү кабарлады. Көйгөйдү 2025-жылга чейин толугу менен жоюу боюнча сунуштар айтылат.

Акыйкатчынын буга чейинки иликтөөсүнө айтылгандай, жашы жете элек балдардын укугуна байланыштуу кейиштүү көрүнүштөр бар. Окуудан алыстап, кара жумушка тартылган балдар көчөдө, айыл жергесинде күнүмдүк оор жумуштарда жүрөт. Иликтөөдө аялдардын жана балдардын эмгекке болгон укуктарын сактоо максатында Жогорку Кеңеш Эл аралык эмгек уюмунун №183 конвенциясын ратификациялашы керек экендиги айтылган.

Кыргызстанда көмүскө экономика ички дүң өнүмдүн 60 пайызына жетип, жалпы жонунан 1,6 млн. адам эмгек келишими жок иштеп жүрсө, анын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Өлкөдө 276 миңден ашык жашы жете элек бала аз акчага, оор жумуштарда жүрөт. (КЕ)