Бишкектин экс-мэрлеринин соттук иши каралат

Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

10-апрелде Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланат. Алардын ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы соттук отурумда кабыл алынган.

Адвокат Сергей Слесарев «Азаттык» радиосуна билдиргендей, азырынча сот залы, бөгөт чарасы сыяктуу уюштуруу иштери гана каралып, сот негизги ишти кароого өтө элек. Буга чейин зал тар деген себеп менен журналисттер, айыпталуучулардын жакындары киргизилбей, нааразылык жаралган.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «баш калаада мектеп салууга жумшалган эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Ал эми Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. (КЕ)