Мурат Cуталиновдун соту 15-апрелге жылды

Мурат Суталинов сот залында. 9-апрель, 2019-жыл.

Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотуу маселеси каралып, кийинки отурум 15-апрелге жылды. Буга анын саламаттыгын иликтеген комиссиянын төрагасы Усупбаевдин келбей калганын себеп болду.

9-апрелдеги отурумга анын ондогон тарапкерлери келип, соттон адилеттик талап кылышты. Бир күн мурда акыйкатчы Токон Мамытов бөйрөктүн өсмө (рак) илдети менен ооруп жаткан Суталиновду түрмөдөн чыгарууга чакырган.

Сот жараянынын башында адвокаты Суталиновду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотуу жөнүндө өтүнүчүн окуп, Акыйкатчынын кайрылуусун да айта кетти. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлү өтүнүчкө каршы эмес экенин билдирди.

Адвокат Майрамбек Жумабеков сот отуруму бир аптага жылдырылганын «түшүнүксүз» деп баалады.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Адвокаттары Суталиновду «өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө дарыгерлердин корутундусуна таянып, түрмөдөн чыгарууну соттон өтүнүшкөн. 15-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. (ErN\SE)