Бишкек шаардык сотуна Суталиновдун ондогон тарапкерлери келишти

Бишкек шаардык соту.

Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотуу маселеси каралып жатат. 9-апрелдеги отурумга анын ондогон тарапкерлери келишти. Алар соттон адилеттик талап кылып жатышат.

Күн мурда акыйкатчы Токон Мамытов бөйрөктүн өсмө (рак) илдети менен ооруп жаткан Суталиновду түрмөдөн чыгарууга чакырган.

Сот жараянынын башында адвокаты Суталиновду ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотуу жөнүндө өтүнүчтү окуп, Акыйкатчынын кайрылуусун да айта кетти. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлү өтүнүчкө каршы эмес экенин билдирди.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Адвокаттары Суталиновду «өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө дарыгерлердин корутундусуна таянып, түрмөдөн чыгарууну соттон өтүнүшкөн. 15-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. (SE\ErN)