Өзбекстанда көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан эки киши өлдү

Сурхандарыя облусунун Термез шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, эки киши мүрт кетти. Өрт коопсуздугу башкармалыгы билдиргендей, маркумдар жаңы салынган үйгө жакында эле көчүп келишкен.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы жарылуу 8-апрелде саат 11:30да көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө болгонун маалымдады. Ал жерди «Fasad Diyor» ишканасы кампа катары пайдаланып жүргөн.

Кампада пенопласттан жасалган буюмдар, даараткана кагаздары жана башка товарлар сакталган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ишкана ээсинин таякеси дагы бир киши менен жертөлөгө кирип келип, электр жарыгын күйгүзгөн. Кампанын ичинде топтолгон газ жарылууга себеп болгон.

Башкы прокуратуранын өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө башкармалыгы тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады.

Жарылуудан бир нече саат өткөндөн кийин окуя болгон жерге Карши шаарынан сапёрлор келишкен.