Кыргыз хоккейчилеринин төрт жеңиши жокко чыгарылды

Иллюстрациялык сүрөт. Кыргыз хоккейчилери. 2016-жыл.

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан хоккей боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында калыстар тобу Кыргызстандын курама командасынын мурдагы төрт беттеште жетишкен жеңишин жокко чыгарды.

Буга чейин Кыргызстан курама тобу Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконгдун командалары менен ойноп, аларды жеңип чыккан. БАЭ командасы менен акыркы беттешке чыгар алдында калыстар тобу Кыргызстадын курамасында ойноп келген Александр Титовду оюндан четтетип, мурдагы оюндардын жыйынтыктарын жокко чыгарып, Кыргызстанга ар бир оюн үчүн 0, ал эми атаандаштарга 5 упайдан берип, жыйынтыгында кыргыз хоккейчилери 0:20 эсеби менен саптын эң төмөн жагына түшүрүлдү.

Хоккейчилери акыркы оюнду БАЭнин командасы менен Александр Титовсуз ойноп, 7:4 эсеби менен жеңишке жеткен.

Мурдагы оюндардын жыйынтыктары жокко чыгарылбаганда жана эгерде Кыргызстан Араб Эмираттарын утса, Дүйнө чемпионатынын III Дивизионуна жолдомо алмак.

Мелдеш 31-марттан 6-апрелге чейин созулуп, ага алты команда катышып жаткан.

Александр Титов мурда Орусия үчүн ойноп жүргөн, бирок мелдештин алдында Хоккей боюнча эл аралык федерация ага Кыргызстан үчүн ойногонго уруксат берген. Ал мурдагы төрт беттеште беш шайба киргизген.

Натыйжада Бириккен Араб Эмираттары 1-орунга чыгып, ал эми беш команданын баарын ута алган Кыргызстан эң акыркы орунга түшүрүлдү. (KR)