Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында элеттик кыз-келиндер жана аялдар арасында футболдук мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюштуруучулардын бири Каныкей Турсунбаева билдирди.
Аримжан жана Чоң-Багыш айылдарынан чогулган аялдардын 10 командасы топ тепкенден тышкары, кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана тамак-аш азыктарынын жармаңкесин уюштурушкан. «Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» програмасынын алкагында уюштурулган иш-чара аялдардын спортко кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт. Чакан футбол талаасында 20-60 жаштагы аялдар топ тебишип, жеңүүчүлөргө ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган белектер берилет.
Былтыр айылдагы 100дөн ашык аял ишкердүүлүк багытында окуудан өтүп, азыр аялдардан куралган 10 алдыңкы өндүрүмүн сатыкка чыгара баштады.
Иш-чара Кыргызстандагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн колдоосу алдында «Жалал-Абад аймактык консультациялык кызматы» коомдук фонду менен чогуу жүзөгө ашууда. (RsK)