Абдирасулова: коомчулук Атамбаевди өзү бузду

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова экс-президент Атамбаевдин кечирим сураганын кабыл алып, ага ыраазы экенин «Азаттыкка» билдирди:

- Биздин коомчулук эки жүздүү. Бийликте турган кишиден коркуп, айбыгып, сыйлап турабыз. Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде катачылык кетирип жатты. Анын катачылыгын айтсак, башкалар бизге чабуул коюп жатышты. А бүгүн Атамбаевди «жакшы» дегендер ага каршы чыгып жатышпайбы. Мен ошого ыза болдум. Эгер биз Атамбаевди колдосок ал жакшы эле президент болмок. Атамбаевди коомчулук, өзүбүз буздук. Бүгүн Атамбаевди бузгандар эртең Жээнбековду да бузушат. Атамбаев мени убагында аябай капа кылган. Мен ал үчүн инсульт алгам, бирок мен кек сактабайм. Балким аны сындагандар туура сындап атат, бирок эмнеге аны президент болуп турган учурда айтышкан эмес? Биз президенттерибизди кеткенде гана сындасак эл болбойбуз. Кандай болгондо да булар журтту, элди башкарган. Өзүндө болбосо да командасында кемчилик болгон. Анын баарын кеткенде эмес, убагында айтыш керек. Кеттиби, биз кичине сыйлап көнүшүбүз керек да. Бүгүн да Жээнбековдун айланасындагылар аны мактап олтуруп бузат. Кечирим сураганына рахмат. Балким мени аял деп кечирим сурагандыр, балким өзүнүн катасын түшүнгөндүр. Ал үчүн мен Алмазбек Шаршеновичке ыраазычылык билдирем. Чөкпөсүн. Бар болсун. Аман болсун.

Буга чейин КСДПнын курултайынан чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Атамбаев Азиза Абдирасуловадан кечирим сураган.

Алмазбек Атамбаев президент кезинде, 2016-жылы Энелер күнүндө кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып, ошол кездеги “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп сындаган. Укук коргоочулар мамлекет башчынын кечирим суроосун жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөсүн талап кылышкан болчу. Сот арызды канааттандыруудан баш тарткан эле. (KR)