Кодуранова: жаңы саясий кеңеште парламенттин 8 депутаты бар

Асел Кодуранова.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Асел Кодуранова партиянын курултайынан кийин журналисттерге чыгып сөз сүйлөп жатып, мурунку саясий кеңеш жоюлганын жана жаңысы түзүлгөнүн айтты:

- Мурунку саясий кеңешти жокко чыгарып, жаңысын шайладык. Анын курамына 55 киши кирди. Анда Жогорку Кеңештен 8 депутат бар.

Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДП курултай өткөрдү. Ага «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер киргизилген жок.