Зеленский менен Порошенко алкоголду аныктаган анализ тапшырышты

Петр Порошенко жана Владимир Зеленский кан тапшырып жаткан учур.

Украина президенттигине талапкерлер Владимир Зеленский менен Петр Порошенко 5-апрелде кан тапшырышты.

Зеленскийдин канынын анализдери үч күндөн кийин даяр болот. Ал эми учурдагы мамлекет башчысы Петр Порошенконуку дароо чыкты. Тест анын организминде психоактивдүү заттар жок экенин көрсөттү.

3-апрелде Зеленский Порошенкону дебатка чакырып, өз шарттарын атаган. Алардын арасында ​«талапкерлер сөзсүз медициналык текшерүүдөн өтүп, алардын арасында аракечтер, баңгилер жок экенин далилдеши зарыл. Өлкөгө ден соолугу чың президент керек» дегени да бар эле.

Порошенко атаандашынын сунуштарына макул болгон.

Украинада 31-мартта өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Владимир Зеленский 30,2% добуш алып, алдыга чыккан. 16% добушу менен Порошенко экинчи орунду алган. Шайлоонун экинчи айлампасы 21-апрелде өтөт.