Кара-Суу районунда кишини койдуруп, качып кеткен айдоочу кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

29-март түнү Кара-Суу райондук милиция бөлүмүнө телефон аркылуу Жаңы-Маданият айылында белгисиз жаранды машине сүзүп кетип мерт болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери ошол эле күнү, саат 21:00 чамасында белгисиз айдоочу өзүнүн автоунаасы менен жөө жүргүнчүнү коюп, качып кеткенин аныкташкан. Каза болгон адам Жаңы-Маданият айылынын 60 жаштагы тургуну болгон.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 3-апрель күнү Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын тургуну, 52 жаштагы жаран кармалып, кылмышка шектүү катары тергөө кызматына тапшырылды. Анын иши Жазык кодексинин 297-беренесинин («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») жана 151-беренесинин («Жардам көрсөтпөй коюу») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган, азыр тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда жыл сайын жөө кишилер катышкан миңден ашуун кырсыктар катталат. Алардын басымдуу бөлүгү адам өлүмү менен аяктайт. (MdN)