Орусиянын Ички иштер министрлиги «Чет өлкөлүк жарандардын Орусиядагы укуктук абалы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө. Ага ылайык, бул өлкөдөгү мигранттар депортация үчүн өз чөнтөгүнөн төлөөгө туура келет.
Тийиштүү мыйзам долбоору азырынча Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизиле элек.
ИИМдин маалыматына караганда 2018-жылы 253 миң кишинин Орусияда жүрүшүнө тыюу салынган.
Ушул тапта депортация мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Ал үчүн бир кишиге канча каражат кетерин министрлик тактаган эмес.
Германияда да депортация үчүн мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт. Немис полициясы бул үчүн 1500 евро корой турганын, эгер чет өлкөлүк өз ыктыяры менен кетсе мамлекеттик түзүмдөрдүн чыгымы орточо 700 еврого азаярын эсептеп чыккан.