3-апрелде Түркиянын Алания аймактык 1-соту «кыргызстандык Р. А. аттуу аялды сабаган» деп шек саналган эки полиция кызматкеринин соттук жараянын жабык карады. Бул тууралуу жергиликтүү «Hürriyet» басылмасы кабарлады.
Маалыматта жактоочу тарап «Р. А. полиция кызматкерлерин бетке чаап, сөккөнүн, андыктан алар өздөрүн кармай албагандыктан союл менен бир канча жолу кыргызстандык аялды чапканын» айтышкан. Мамлекеттик айыптоочу эки полиция кызматкерине «мамлекеттик кызматын өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп, өзүн коргой албаган адамды ур-токмокко алган» деп айыптап, бир жарым жылдан төрт жарым жылга чейин жазага тартууну сураган. Жараяндын жыйынтыгында сот «Психикалык жактан өзүн коргой албаган кишини атайлап ур-токмокко алуу» беренеси менен айыпталуучуларды 180 күнгө абакка кести. Бул жаза полиция кызматкерлеринин буга чейин кылмыш иши болбогондуктан 37 күнгө кыскартылган. Сот бул күндөрдү 740 лира акчалай айыппул (8709 сом) менен алууга чечим чыгарды.
Окуя 2017-жылдын 4-октябрында жергиликтүү тургундардын Анталиянын Алания аймагында жалгыз аялды эки полиция кызматкери сабап жатканын көрсөткөн видеону социалдык түйүндөргө койгондон кийин чоң резонанс жараткан. Анда полиция аялды чачынан сүйрөп, союл менен сабап жатканын көрүүгө болот. Түрк полициясы окуянын чоо-жайын териштирип, иш сотко өтүп, жабык каралган.
Сөз болуп жаткан аял азыр туугандарынын жанында.
Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. Анталия аймагында эле расмий эмес маалыматка ылайык 6000ден ашык кыргызстандык жашайт. (ElB)