Депутат Ормонов абактагы Суталиновго көңүл бурууну өтүндү

Улукбек Ормонов.

Улукбек Ормонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Улуuбек Ормонов Жогорку соттун төрайымынан Мурат Суталиновдун ишине көңүл бурууну өтүндү. Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу билдирүү жасады.

- Акыркы мыйзамдар менен кодекстерде гумандуулукка басым жасалган. Ошондуктан анын оорусу өкмөттүн токтомуна туура келсе, ден соолугун эске алып сотторубуз гумандуулук кылса жакшы болмок, - деди Ормонов.

Буга чейин Мурат Суталиновдун жубайы Гүлнара Суталинова президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, күйөөсүнө карата адилетсиз сот жүрүп жатканын, ал кыйноого кабылганын маалымдаган.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Анын адвокаттары Суталиновду «өсмө (рак) оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө дарыгерлердин корутундусуна таянып, абактан чыгарууну соттон өтүнүшкөн. 15-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Мурат Суталиновду абакта калтырган. (BTo)