Абдрахманов КСДПнын лидерлигин талашууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы Бишкекте жыйын өткөрүп, лидери Сагынбек Абдрахмановду партиянын жетекчиси болсун деп чечим чыгарышты. Абдрахмановдун талапкерлигин иш-чарага катышкандар бир добуштан колдошту. Партиянын экинчи бөлүгү лидер деп Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди тааныйт. Алар 6-апрелде өз курултайын өткөргөнү жатышат.