Ингушетияда активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп жатат

Магас шаарында митингге чыккандар.

Ингушетияда нааразылык акцияларына катышкан активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп жатат. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып жатышат.

Тинтүүнүн так максаты белгисиз. «Яблоко» партиясынын жергиликтүү бөлүмүн жетектеген Руслан Муцольгов муну Магастагы митингде «бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү» боюнча кылмыш ишине байланыштырат. Митингге чыккандар коңшулаш Чеченстан менен чек ара макулдашуусуна нааразылык билдиришкен. Кээ бир маалыматка караганда, Ингушетияда мобилдик Интернет иштебей калды.

Нааразылык митингдеринин башында тургандар жаштарды чагымга алдырбоого, уюшулбаган акцияларга катышпоого үндөп жатышат.

Шейшембиде жумурияттын жетекчиси Юнус-Бек Евкуров митингдерди уюштургандарды сот жообуна тарттырууга аракет кыларын билдирген.

Ошол эле күнү соттун чеими менен төрт киши 10 күнгө камакка алынган. Алар «бийлик менен макулдашылбаган акцияга катышкан» деп айыпталды. Акция учурунда федералдык трасса бир нече саатка тосулган.

Ингушетияда былтыр күздөн бери Чеченстан менен жер айырбаштоо боюнча келишимге каршы нааразылык тынчыбай келатат. Демонстранттар келишим жумурияттын кызыкчылыгына дал келбейт деп эсептешет.

5-9-апрелге пландалган жаңы митингге бийлик уруксат бере элек.