Казак соту журналистке чыккан мурунку чечимди күчүндө калтырды

«Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Сания Тойкен. 20-октябрь, 2017-жыл.

Актаудагы сот «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Сания Тойкенге Жаңы-Өзөн райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Журналистке «полицияга баш ийген эмес» деген айып коюлган. Бул тууралуу соттун төрайымы Гаухар Нурханова билдирди.

Облустук сот арызды журналисттин өзүн жана анын адвокаттарын катыштырбай эле карап, өз чечимин чыгарды. 2-апрелде сотто Тойкен анын укуктары бузулуп жатканын айтып, сот процессине катышуудан баш тарткан. Журналисттин айтканына караганда, ал адвокаты Актауда жок болгондуктан сот жыйынын 3-апрелге которууну өтүнгөн. Сот өтүнүчтү четке каккан соң журналист ишти караган судьяга ишенбестик көрсөткөн.

Тойкен эми Башкы прокуратурага арыз берерин айтты.

11-мартта журналист Жаңы-Өзөндөгү жумушсуздардын нааразылык акциясын чагылдырып жүргөндө аны полиция кармаган.

12-мартта Жаңы-Өзөндүн райондук соту Тойкенди «полицияга баш ийген эмес» деген кине менен 50 миң теңге (120 доллар) айыпка жыккан.

Журналист өзүнө коюлган айыпты анын кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылуу жана «саясий жүйөсү бар» деп баалаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасында Казакстанды сынга алган.

«Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) Казакстанды журналисттерди, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкенди куугунтуктоону токтотууга чакырган.