Британиянын Кыргызстандагы элчилиги пластиктен жасалган буюмдарды колдонуудан 21 күнгө баш тартарын кабарлады. Мурдараак Британиянын тышкы иштер министри бир эле жолу колдоно турган пластикти колдонууну 2019-жылдын аягына чейин кескин азайтууну максат кылган.
Элчилик 1-апрелден баштап пластик буюмдарын колдонбоо өнөктүгүн баштаганын жарыя кылып, башкаларды да демилгени колдоого чакырган.
Буга чейин 1-апрелде Грузия расмий түрдө полиэтилен пакеттерди чыгарууга, импорттоого, сатууга жана колдонууга тыюу салган. Мыйзамга баш ийбегендер 180 доллар айыпка жыгылат.
Бүгүнкү күнү пластик чыгарган заводдор жылына абага 400 миллион тонна көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Ал эми жаныбарлардын 800дөй түрү пластик буюмдарын жеп алгандыктан жок болуп кеткени турат.
БУУнун маалыматына караганда, мүнөт сайын дүйнө жүзүндө 10 миллион пластик пакет колдонулат. (KR)