HRW крым татарларынын кармалышына тынчсыздануусун билдирди

Cимферополдо крым-татар активистинин үйүн тинтүү маалы. 26-март, 2019-жыл.

«Хьюман Райтс Уотч» («Human Rights Watch») эл аралык укук коргоо уюму 23 крым татарынын камалышына тынчсыздануу билдирип, бул Москванын «орус бийлигин кескин сындаган топко мурда болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүү аракети» деп баалады.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Рейчел Денбердин 2-апрелдеги билдирүүсүндө «жарым аралда саясий жактан жигердүү крым татарларынын террорист катары жапырт кармалышы - алардын оозун жабуунун жолу» деп айтылат.

«Бул ыкма бир нече жылдан бери уланып жатат, бул токтошу керек. Кармалгандар эркиндикке чыгарылышы керек», - деп кошумчалады Денбер.

27-мартта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Крым жарым аралында 20дан ашуун үйдө тинтүү жүргүзүлүп, 23 киши «тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун ишмердигине аралашкан» деген шек менен кармалганын билдирди. Крымдын бийлиги жапырт тинтүүнү «атайын операция» деп атаган.

Крым татарларынын активисттери мындай жүйө менен орус бийлиги аларды кысымга алып жатканын билдирип келатышат.

Укук коргоочу уюмдар менен Батыш мамлекеттери орус бийлигинин мындай операцияларын «репрессия өнөктүгү» деп сындашкан.