Дүйнөдө улгайгандар көбөйүп баратат

2050-жылга карата Борбор Азиянын калкынын өсүшү.

Дүйнөдө улгайган адамдардын катары калыңдаган сайын шаар тургундары да көбөйүп баратат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Калк жана өнүгүү боюнча комиссиясынын баяндамасында айтылат. Комиссиянын сессиясы дүйшөмбүдө Нью-Йоркто башталды.

Жогоруда айтылган демографиялык процесстер бир топ өлкөлөрдө айлана-чөйрөгө оор жүк болуп, экономикалык, социалдык мүшкүлдөргө себеп болууда.

БУУнун маалыматына ылайык, акыркы 25 жылда дүйнөдө өмүрдүн орточо узундугу 64,9 жаштан 72,3 жашка чейин жетти. 2050-жылга карай болжол менен дагы эки жаш кошулмакчы.

БУУнун критерийлеринде «улгайган» деп 65 жаштан ашкан адамдар эсептелет. Европада быйыл алардын саны 19%, Түндүк Америкада 16% түздү.

2050-жылга карай Европада 28%, Түндүк Америкада 23% болмокчу.

Улгайган адамдардын көбөйүшү соңку 25 жылда жакырчылыкта жашагандардын азайышына, энелердин өлүмүнүн кыскарышына жана элдин жашоо деңгээлинин жакшырышына байланыштуу экени белгиленет.