Алжирдин президенти Бутефлика ушул айда бийликтен кетет

Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика. 9-апрель, 2018-жыл.

Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика 28-апрелге чейин кызматынан кетет. Бул тууралуу кечээ Алжирдин APS агенттиги президенттик администрациянын маалыматына таянуу менен билдирди. Бир айдан бери Түндүк Африкадагы бул өлкөдө Бутефликанын бийликтен кетишин талап кылган демонстрациялар өтүп жатат.

Алжирдин Конституциясына ылайык, президент кызматтан кеткенден кийин мамлекет башчынын милдетин парламенттин жогорку палатасынын спикери Абделкадер Бенсалах аткарат. Президенттик шайлоо 90 күндүн ичинде өтүүгө тийиш.

Мартта 82 жаштагы Бутефлика бешинчи президенттик мөөнөт үчүн ат салышуу ниетинен баш тартып, шайлоону апрелден башка маалга которгон.

Өткөн ишембиде жүз миңдеген демонстрант 1999-жылдан бери бийликте турган президенттин кызматтан кетишин талап кылып кайрадан көчөлөргө чыккан.

Бир нече жыл мурун катуу ооруга кабылган Бутефлика көптөн бери эл алдына көп чыкпай калган.