Бишкекте «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

«Жибек Жолу» аттуу интерактивдүү көргөзмөнүн уюштуруучулары.

5-28-апрелде Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек Жолу» аттуу интерактивдүү көргөзмө өтөт.

Көргөзмөнүн идеясы - интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолунун боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген бул байыркы жана жаңы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү.

Иш-чара түрдүү мастер-класстар менен коштолот. Мисалы, Кытай күнүндө - каллиграфия, Жапония күнүндө - чай куюу жөрөлгөсү, оригами жасоо, Кыргызстандын күнүндө - кийиз басуу, андан буюмдарды жасоо, Өзбекстандын күнүндө - керамикадан буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар болот.

Кыргызстан - Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан өлкөлөрдүн бири. Соода кербендери Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб, Барскан, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдагы шаарлар аркылуу өткөн.

Көргөзмөгө Кыргызстан, ошондой эле Жибек жолундагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Жапония, Түштүк Корея, Пакистан, Ооганстан жана Орусия өлкөлөрүнүн элчиликтери катышат. Көргөзмөнү «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда. (KR)