Жогорку соттун төрайымы: сот реформасы жүрүп жатат

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева ММКлардын жетекчилери менен жолугуп жатат.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуп жатып, сот корпусу 70 пайызга жаңырганын жана реформа жүрүп жатканын айтты.

- «Реформа жүрбөй жатат» деген туура эмес. Жаңы имараттар салынып, эскилер ремонттолуп жатат. Аудио жана видео фиксация киргизилип жатат, - деди Гүлбара Калиева.

Ал журналисттердин: «Сиздер өйдө жакты карап иш кыласыңарбы?» - деген суроосуна: «Ооба, өйдө жакты, Кудайды карайбыз», - деп жооп берди.

Акыркы учурда сот тармагы өлкө жетекчилиги тарабынан катуу сынга алынып келген. 2019-жылдын 11-мартында Бишкекте өткөн соттордун XI курултайында президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагына бөлүнгөн каражаттарды көбөйтүү өзүн актабай жатканын айткан.

Расмий маалыматка караганда, сот системасына 2016-жылы 1 миллиард 213 миллион сом, 2017-жылы 1 миллиард 260 миллион сом, 2018-жылы 1 миллиард 555 миллион сом жана 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн. Буга сот тармагына чет жактан келген гранттар менен ар кандай долбоорлордун акчасы кошулган жок. (AzK/KR)