Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 1-апрель күнү №17 «Ак ниет - Ош» бала бакчасынын курулушу менен таанышып жатып билдирди. Таалайбек Сарыбашов шаардагы бала бакчалардын жетишсиздигин жоюш үчүн жыл сайын жаңы бала бакча куруу иштери уланарын белгилеп, мындан тышкары эски бала бакчалардын имараттары оңдоло турганын айтты.
№17 «Ак ниет - Ош» бала бакчасына өзүнчө ашкана, балдар ойноочу аянтча жана жайкы сөрү курулууда. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн, май айына бүткөрүлөт деп пландалган.
Ош мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, учурда Ош шаарындагы бала бакчалар балдардын 44% гана камтыйт. Шаарда 150-200 орундуу эки бала бакча куруу максаты коюлган.
Ош шаарындагы 41 мамлекеттик бала бакчада 15 миңден ашуун бала тарбияланат. Ал эми 29 менчик бала бакчада эки миңдей бала бар. Онлайн кезекте 7000ден ашуун бала турат.
Расмий маалыматтарга караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2-6 жаштагы 800 миңдей баланын 24% гана бала бакчага барат. Республика боюнча 1390 бала бакча иштеп жатат. Анын 1248и мамлекеттик жана муниципалдык, 142си жеке менчик.
Бакчалардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Мамлекеттик бала бакчаларда тарбиялануучулардын саны нормадан эки эсе ашык. (MdN)