Өзбекстан ооган өкмөтүнө талибдер менен сүйлөшүүнү сунуш кылды

Ооган президенти Ашраф Гани (оңдо) жана Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов (солдо). Кабул. 28-август, 2018-жыл.

Өзбекстан ооган өкмөтүнө «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен Самарканд шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу иш сапары менен Кабулда жүргөн Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов билдирди.

31-мартта Абдулазиз Камилов башында турган Өзбекстандын өкмөттүк делегациясын Ооганстандын президенти Ашраф Гани кабыл алган. Анда тараптар экономикалык маселелер жана инфраструктуралык долбоорлор менен катар тынчтык жараяны тууралуу да сүйлөштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ашраф Гани ооган өкмөтү «Талибан» менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин белгилеп, жолугушууну Самарканд шаарында өткөрүү тууралуу сунушу үчүн өзбек делегациясына ыраазычылык билдирди.

Өзбек делегациясынын мүчөлөрү Ооганстандагы тынчтык үчүн кызматташууга жана өлкөнүн экономикалык тармагына жардам берүүгө даяр экенин белгилешти.