«Ак-Тилек» бекетинен акыркы он саатта 158 жүк ташуучу автоунаа өттү

Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалар.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» бекетинде 223 жүк ташуучу автоунаа турганы катталган. 31-март күнү кечки саат 8ден 1-апрель эртең мененки саат 8:00гө чейин аталган чек ара бекетинен 158 жүк ташуучу автоунаа өттү. Алардын ичинен 84 автоунаа жүк ташып бараткан, 74 автоунаа бош болгон.

«Чоң-Капка» автоунаа бекетинде 60-70 жеңил машине менен 25-30 чамалуу жүк ташуучу автоунаа чек арадан өтө албай турушат.

«Акжол», «Чалдыбар», «Токмок» жана «Кең-Булуң» чек ара бекеттеринде жарандардын жана автоунаалардын да тыгыны жок.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-казак чек арасында жүк өтпөй турат

«Кыргыз-казак чек ара бекеттериндеги автоунаалардын топтолушуна Казакстан тараптан кылдат текшерүү себеп болуп жатат», деп билдирди Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек - Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.

Маалыматка караганда, казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспорт өткөрүүдө. Текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган. (ZKo)