Бишкек-Ош автоунаа жолу кайра жабылат

Кар көчкүнү тазалоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Аба ырайынын кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, Бишкек-Ош жолу автоунаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылат.

Жол “Сосновка” постунан, Өтмөк (Талды-Булак) ашуусунан саат 18:00дөн 31-март саат 06:00гө чейин, ал эми “Арал” постунан 19:00дөн 31-март саат 6:00гө чейин тосулат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Бишкек-Ош автоунаа жолунда мезгил-мезгили менен туман түшүп, кээ бир участкаларда таш кулоо коркунучу жаралганын билдирди.

Министрлик андыктан, айдоочуларды сапарга чыкпоого, эгер өзгөчө кырдаалдар болсо 112 кызматына кайрылууга чакырат.

Ошондой эле бийик тоолуу райондордогу метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу жана жаап өткөн, күтүлүп жаткан жаан-чачындын кесепетинен Бишкек-Ош автоунаа жолунда (Төө-Ашуу ашуусунун 132-133-км., Ала-Бел ашуусунун 222-223 жана 246-249-255-км.) кар көчкү атайылап атып түшүрүлөт.

Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына Куралдуу күчтөрдүн Башы штабынын артиллериялык эсеби тартылат. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги жолду тазалайт. (BTo)