Франциялык даңазалуу кинорежиссер Аньес Варда 91 жаш курагында көз жумду. Үй-бүлөсү маркум өсмөдөн (рактан) жабыркап жүргөнүн билдирди.
Варда «Бакыт», «Чатырсыз жана мыйзамсыз», «Аньестин пляждары» деген фильмдери менен ар кайсы жылдары Берлин, Венеция, Канн кинофестивалдарынын баш байгелерин жеңген, кино өнөрүнө кошкон салымы үчүн Оскар сыйлыгын алган.
Режиссер француз киносундагы «Жаңы толкундун» башатында турган. Ошол жаңы толкундун азыр бир эле өкүлү тирүү калды – ал легендарлуу Жан-Люк Годар.