Чет элдиктерге 37 миң электрондук виза берилди

Чыңгыз Айдарбеков.

Кыргызстанда электрондук жол менен ушул күнгө дейре 37 миңден ашык электрондук виза берилди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 29-мартта өлкөдөгү туристтик операторлор менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, мунун 28 миңи туристтик виза болуп саналат.

Айдарбеков “Электрондук виза” системасын жакшыртуу максатында нормативдик актыларга жана порталдын алгоритмдеринин тартиптерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча аракеттер жүрүп жатканына токтолду.

Өкмөт буга чейин 2018-жылы 14 миң 492 электрондук визаны Кытай жараны алганын билдирген.

Кыргызстанга келүүнү каалаган чет элдик жарандар 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып визаны электрондук жол менен ала баштаган.

«Таза коом» долбоорунун алкагында башталган система туристтик жана жумуш визасын Кыргызстандын элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылбастан Интернет аркылуу алганга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал үчүн Evisa.e-gov.kg дареги аркылуу тиешелүү маалыматтарды жөнөтүү зарыл. (ErN)