Ошто жатакананын жашоочулары президентке кайрылышты

«Ак мөөр» аттуу үй-бүлөлүк жатакананын 80ден ашык жашоочусу имараттын алдында акция өткөрүп жатышат. 28-март, 2018-жыл.

Ош шаарынын «Манас-Ата» (ХБК) кичирайонунда жайгашкан «Ак мөөр» аттуу үй-бүлөлүк жатакананын 80ден ашык жашоочусу имараттын алдына чыгып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу кабыл алышты.

Тургундар аларга таандык имаратты мурда менчикке сатып алган Ибайдилла Бидинов аттуу жаран тартып алганына, жашоочуларды үйдөн күч менен чыгаруу аракети жүрүп жатканына даттанышууда.

Чогулгандар «Сооронбай Жээнбеков, бизге көңүл бөл!», «Коррупцияга жол жок» деген транспаранттарды кармап турушат. Алар үйдөн айрылса, ачкачылык кармап, Бишкекке жөө жүрүшкө чыгышарын эскертишүүдө.

Маалым болгондой, «Ак мөөр» жатаканасы СССР убагында жибек чыгаруучу «Текстильщик» ачык акционердик коомуна таандык санаторий болгон. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин текстил ишканасында иштеген 83 үй-бүлө ага кирип отурукташып калган.

Ибайдилла Бидинов буга чейин журналисттер менен болгон маегинде, имаратты 2008-жылы аукциондон 4 млн. 670 миң сомго сатып алганын, ошондон бери алардын жашоочулары менен соттошуп чыгара албай жатканын билдирген. Ал жашоочуларды 2017-жылы соттон утканын, сот аткаруучуларга аларды күчтөп чыгаруун өтүнгөнүн кабарлаган.

Жатакананын жашоочуларынын коомдук жактоочусу Төлөгөн Келдибаев имаратты сатуу боюнча аукционду Ош шаардык прокуратурасы мыйзамсыз деп таап, кылмыш ишин козгогонун, иш район аралык сотто каралып жатканын айтууда. (ErN)