Ал беш шериги менен кошо “Сибирь" энергетикалык компаниясынын жана “Аймактык электр тармактары” ишканасынын акционерлерин алдап, 4 млрд. рубль же 62 млн. долларды уурдап, сыртка чыгарып кеткен деп шектелүүдө.
Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Абызов 26-мартта кармалды.
Абызовдун адвокаты ал күнөөсүн мойнуна албасын билдирди. Адвокаттын маалыматы боюнча ал 27-мартта Москва сотуна келет.
Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчы бул иш боюнча кабардар экенин 26-мартта ТАСС агенттигине билдирген.
Михаил Абызов 2012-2018-жылдары министр болуп турган, Дмитрий Медведевдин жакын шакирти катары саналат.