Жылдын биринчи айында мамлекеттик карыз 18 миллион долларга көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 481,96 млн. АКШ долларын (313 млрд 39,95 млн. сомду) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Былтыркы жылдын 31-декабрына карата бул сумма 4 млрд. 464,35 млн. доллар (311 млрд. 834,67 млн. сомду) болчу жана бир айда 18 миллион долларга өстү.

31-январга карата эсептелген жалпы мамлекеттик карыздын 3 млрд. 838,75 млн. АКШ доллары (268 млрд. 115,40 млн. сом) тышкы карызды, 643,21 млн. АКШ доллары (44 млрд. 924,55 млн. сом) ички карызды түзөт.

Финансы министрлиги буга чейин кабарлагандай, 2018-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 23 млрд. 741,3 млн. сом жумшалды. Бул сумманын ичинен 7 млрд. 76,4 млн. сом пайыздарды, 16 млрд. 664,9 млн. сом негизги карызды төлөөгө сарпталды. (ErN)