Жалал-Абадда жер силкинди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-мартта таңкы саат 08:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Сузак районунун Саты, Таран-Базар айылдарында 3 баллга, Кара-Чолок, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (ErN)